• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жапаровдун Түркмөнстанга болгон сапарында жетишилген келишимдердин алкагында өлкөгө Ашхабаддан жүк келди

Президент 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга жакында болгон расмий сапарында жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанга Түркмөнстандан жүк келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 27-июнунда кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун аянтчасында Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлиги жана Түркмөнстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин кызматташтыгы алкагында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү ортосунда келишимдерге кол коюлган.

Атап айтканда, жалпы суммасы 21 миллион АКШ долларынан ашуун суммага жашылча-жемиш, сантехникалык буюмдарды жана азык-түлүктү жеткирүү боюнча контракт түзүлгөн.

Ошондой эле жетишилген келишимдер алкагында кийим-кече жана бут кийим өндүрүшү, эки өлкө ишкерлери ортосунда инвестициялык ишмердүүлүктү жана импорттук-экспорттук операцияларды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык тууралуу чечим кабыл алынган.

Көрсөтүлгөн макулдашууларга ылайык, 29-июнда Бишкек шаарына Түркмөнабад шаарынан жүк жүктөлгөн учак келип конду.

Натыйжада кол коюлган контракттардын жыйынтыгы боюнча алгачкы жеткирүү ишке ашырылды.

Бишкек шаарынын аэропортунда жүктү Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Ал Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы кызматташтыктын жаңы барагы ачылгандыгын баса белгиледи.

«Сөздөн ишке өтүүгө убакыт келип жетти. Түркмөнстандан жүк келди, демек, жетишилген келишимдер ишке ашырыла башталды. Келечекте биздин кызматташуубуз кеңейе берет деп ишенем», — деп кошумчалады Адылбек Касымалиев.

Пикир

Оставить комментарий