• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жапаровдун улуттук сынакка катышкан шаарлардын жаштары менен жолугушуусу — фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» улуттук сынагына катышкан шаарлардын активдүү жаштары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчы эбегейсиз социалдык-экономикалык, маданий, чыгармачыл жана илимий потенциалга ээ жаштар азыркы учурда мамлекетти өнүктүрүүнүн стратегиялык ресурсу экендигин өзгөчө белгиледи.

Жаштарды экономикалык өсүштүн жана муундардын бакубаттуулугун камсыздоочу эң баалуу кадрдык ресурс катары караса болоруна токтолду.

Садыр Жапаров «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырып, жаштардын ар кандай тематикадагы, кызыктырган суроолоруна жооп берди. Алардын өлкөнүн өнүгүүсү боюнча каалоо-тилектери менен сунуштарын укту.

Президент Садыр Жапаров ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо, аймактардагы жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча уюмдардын ролу жана жаңы Конституциянын жаңы муунга тийгизген таасири, ички туризмди өнүктүрүү үчүн тиешелүү инфраструктураны түзүү зарылдыгы, коронавирус инфекциясынын пандемиясына каршы күрөшүүгө салым кошкон ыктыярчылардын статусун мыйзамдык жактан бекемдөө, саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүү ж. б. боюнча суроолорго жооп берди.

Эки жылда бир өткөрүлчү «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» улуттук сынагына Бишкек, Кара-Балта, Токмок, Нарын, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кербен, Кочкор-Ата, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Кара-Суу, Кадамжай, Баткен жана Исфана болуп жалпысы 18 шаар катышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча:

— Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары биринчи орунду ээлеп, 3 миллион сомдук байгени жеңип алды;

— Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары экинчи орунду алып, 2 миллион сом байгеге ээ болду;

— Баткен облусунун Баткен шаары үчүнчү орунду ээлеп, 1 миллион сомдук байгени камсыз кылды.

Ошондой эле, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү баалоо боюнча эң жогорку упайды топтогон 10 шаар «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» наамын алышты. Тизмеге жеңүүчүлөрдөн сырткары Кадамжай, Токмок, Нарын, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Ош жана Каракол шаарлары кирген.

Пикир

Оставить комментарий