• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жапаровдун Өзбекстанга иш сапары өлкөлөр мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин дагы бир ирет көрсөтүшү керек – эксперт

Коом 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта мамлекеттик иш сапары менен Өзбекстанга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Иш сапардын алкагында президент С. Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын, андан тышкары өз ара натыйжалуу аракеттерди мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле, иш сапардын жүрүшүндө президент С.Жапаровдун Олий Мажлис Сенатынын төрагасы Танзило Нарбаева, Олий Мажлистин Мыйзам палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуусу пландалган.

Муну менен катар, иш сапардын алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес-форумун өткөрүү пландалган.

“Кыргыз мамлекетинин башчысы Садыр Жапаровдун Өзбекстанга иш сапары өлкөлөрдүн мүмкүн болгон бардык мамилелерин өнүктүрүүгө умтулгдыгын дагы бир жолу көрсөтүшү керек. Барынан мурда бизнести өнүктүрүү, ишкердик байланыштарды кеңейтүү, соода-экономикалык мамилелерди өстүрүү, бирдиктүү долбоорлор үчүн жаңы жеңилдиктерди иштеп чыгуу, бирдиктүү ишканаларды түзүү багытындагы сүйлөшүүлөр өнүгүшү керек. Чек арабыздын жакындыгы жана жалпылыгы өз ара соода аракеттерине дем берүүсү абзел. Айрыкча, дээрлик дүйнөлүк экономика процесси жайлап турган азыркы оор кырдаалда жаңы, эки тарапка тең пайдалуу байланыштардын жолун издөө зарыл. Коронавирус пандемиясы жаңы каатчылыкты шарттады, бирок ага катар өлкөлөрдү активдүү өз ара мамилелердин фазасына түртүшү керек. Борбордук-азия аймагында көп мүмкүнчүлүктөр бар, бирок айкын аракеттер азырынча көрүнбөйт. Аймактын өлкөлөрү азыркыга чейин өзүн-өзү идентификациялоочу багыттарды таба алышкан жок. Бул дагы аймактын, ошондой эле республикалардын жалпы өнүгүүсүнө тоскоолдук кылууда”, - деди саясат талдоочу Павел Ковалёв.

Эксперттин айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстанда кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. “Чек ара маселелеринде чечиле элек айрым көйгөйлөр бар. Бирок, мен эки өлкөнүн азыркы жетекчилиги бул аспектиде тил табыша алат деп ишенем, анткени аталган милдеттерди чечүү өлкөлөрдүн жана анда жашаган элдердин келечеги үчүн маанилүү. Кайсыл аймактагы өлкөлөр болбосун ортодогу талаш-тартыштар канчалык аз болсо, конструктивдүү байланыштар ошончолук күчтүү өнүгөт”,-деди Ковалёв.

Ал белгилегендей, Садыр Жапаровдун Өзбекстанга иш сапарынын маанилүү учуру бирдиктүү бизнес-форум өткөрүү болуп саналат. “КРнын бизнес коомчулугу акыркы жылдары күчтөндү. Республикада бизнестин өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон бизнес-омбудсмен институту түзүлдү. Бары жаңы деңгээлге өтүүнү күтүүгө укуктуу. Бирок, Кыргызстандын бизнеси экономиканын башка негизги тармактары катары чет элден инвестиция тартууга муктаж болуп турат. Өзбекстан ишенимдүү жана натыйжалуу инвестор болуп бериши мүмкүн”, - деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.

Антон Кубицкий
«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий