• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жапон полициясы аниме-студияны өрттөгөн кишини камоого ордер алды

Дүйнө 0

Бишкек, 22.07.19. /Кабар/. Жапон полициясы Киото шаарында аниме-студияны өрттөөгө шектелген кишини камоого ордер алды. Ал денеси катуу күйүп калгандыктан ооруканага жаткырылган.

Шектүүнүн абалы турукташкандан кийин полиция аны камоого ниеттенүүдө.

18-июлда Kyoto Animation студиясынан чыккан өрттөн 34 киши өлүп, 30дан ашууну жарадар болгон. Шектүү имараттын ичине бензин чачып өрттөгөн. Бул тууралуу ал кармалгандан кийин айткан.

Өрттөлгөн "Kyoto Animation" студиясы 1981-жылы ачылган. Сериалдарды жана көркөм фильмдерди чыгарат. Студиянын эмгектеринин арасында «Меланхолия Харухи Судзумии», «Кланнад», «K-On!» тасмалары бар. Компаниянын башкы кеңсеси Киотодо жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий