• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жапыкеев БУУнун Кыргызстандагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын башчысы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. Бишкекте Финансы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин БУУнун Кыргызстандагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (Финансы полициясы) билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматтын дараметин жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча өз ара кызматташуунун эң артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Жапыкеев бүгүнкү күндө мамлекеттин экономикалык коопсуздугун түздөн-түз коргоо, өлкөнүн бюджетин толтуруу, ишкердикти жана жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо жана бизнес жана өлкөгө инвестициянын агымы үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү Финансы полициясынын артыкчылыктуу милдеттери экендигин белгиледи.

Финполдун төрагасы экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштө эң негизгиси саясий эрк экендигин баса белгиледи.

Селезнев өз кезегинде Финансы полициясына финансылык тергөө жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында дараметти жогорулатуу маселесинде колдоо көрсөтүү менен жемиштүү кызматташууга даяр экендигин тастыктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызматташуунун эң артыкчылыктуу багыттары каралып, алдыга коюлган пландарды ишке ашыруу келечеги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий