• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапыкеев: Эгерде бир тергөөчүгө 90-100 иш туура келсе, тергөөнүн кайсы сапаты туурасында сөз кыла алабыз

Коом 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Бир тергөөчүгө 90-100 иш туура келет. Бул тууралуу коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңешменин жыйынында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев билдирди.

Анын айтымында, бир тергөөчүгө 90-100 иш туура келгендиктен тергөөнүн сапаты төмөндөөдө.

"Тергөөчүлөр жетишсиз. Борбордук аппаратта 33 гана тергөөчү иштейт. Жалпы 86 тергөөчү бар. Тергөө иш-чараларынын сапаты жакшырмайынча нааразы болгон жарандар көп боло берет", - деди Жапыкеев.

Белгилей кетсек, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңешменин жыйыны өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий