• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Жарайт ситинин” актерлору кыргызстандыктарды шайлоого катышууга чакырат

Коом 0


Бишкек, 28.08.17 /Кабар/. “Жарайт сити” долбоорунун актерлору жаш кыргызстандыктарды президенттик шайлоого катышып, татыктуу деп эсептеген талапкерине добуш берүүгө чакырды.

Алар добуштарын сатууга жол бербей, жаштарды өз тандоолорун жасоого чакырышты.

“Жарайт сити” добоору 2015-жылдан тарта эфирге чыга баштаган. Программа кеңири белгилүү жана кыргыз коомунун терс көрүнүштөрүн жана тенденцияларын тамашага салышат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий