• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жаракат алган 6 бала Бишкекке алынып келди

Ден соолук 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Баткенден жаракат алган 6 бала Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна алынып келди.

Саламатык сактоо министрлигинен “Кабар” агенттигине билдиришкендей, балдар октон жана сыныктардын чачырандыларынан жараат алышкан. “Жабыркаган балдардын абалы туруктуу. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө”, - деп кошумчалашты ведомстводон.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 16-сентябры саат 23:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 87 кыргызстандык жабыркады, алардын бешөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий