• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаранда сасык тумоо же башка оорулар болсо дагы обсервацияга алынабы? Каратаевдин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Жарандар ооруп калса үй-бүлөлүк медициналык уюмдарга телефон аркылуу кайрылуу керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирустан 78 жаран айыкты.

"Эгер жарандар башка оорулар менен ооруп калса үй-бүлөлүк медициналык уюмдарга телефон аркылуу кайрылуу керек. Алар адамдын үйүнө барып текшерип, анализ алышат. Эгер жаранда коронавирус инфекциясынын белгилери байкала турган болсо, анда обсервацияга алынат", - дейт Каратаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 449га жетти. Алардын ичинен 98и медицина кызматкерлери. Коронавирустан 78 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий