• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жарандан тапанчаны алууга аракет кылган милиция кызматкеринин формасын айрып салышты

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.07.18. /Кабар/. Жарандан пневматикалык куралын алууга аракет кылган милиция кызматкеринин формасын айрып салышты. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигине тартип сакчылары билдиришти.

Күч органдарынын айтымында, 30-июнда кечинде Ош базары жайгашкан райондо милиция кызматкери жарандын сумкасындагы тапанчаны байкап калган.

“Тартип сакчысы жарандан куралын көрсөтүүнү талап кылганда ал каршылык көрсөткөн. Ошол учурда эл чогулуп, укук коргоо органдарынын өкүлүн курчап, ага жолтоо болушкан. Анын кийимин айрышып, кызматтык күбөлүгүн алып коюуга аракет кылышкан”, - деп билдиришти милициядан.

Көп өтпөй Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери окуя болгон жерге келип, пневматикалык тапанча салып жүргөн жаранды кармашкан. Учурда 341-беренеси (бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Ал эми 1998-жылкы кармалган жаран Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий