• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жарандар банктык кызматтар менен толук камсыздалууда - Карабаева

Коом 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө жарандар банктык кызматтар менен толук камсыздалган. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө банктык инфраструктура жеткиликтүү. Банк түзүмдөрү онлайн тейлөөнү ишке ашырууда. “Өлкө боюнча азыркы убакта 1 миң 712 банкомат, 11 миң 114 пост-терминал, 1 миң 827 төлөм терминалдары орнотулган. Былтыркы жыл менен салыштырмалуу азыркы убакта терминалдардын саны 129га, пос-терминалдардын саны 1 миң 68ге жана төлөм терминалдарынын саны 221ге көбөйгөн ”, - деп баса белгиледи ал.

Карабаева кошумчалагандай, азыркы убакта терминалдардын 90 пайызы жеткиликтүү. “Калган 10 пайызынын жеткиликтүү болбогонунун себеби - алар азыр карантинге жабылып турган соода борборлорунда жана башка обьектерде орнотулган”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий