• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жарандар эми дайындалган иштердин күнүн жана убактысын үйдөн чыкпай эле билсе болот

Коом 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу айрым соттор 2020-жылдын 30-мартынан 3-апрелге чейин ишин токтоткон. Бирок соттордо судьялар менен аппарат кызматкерлери кезектешүү менен иш алып барышууда, - деп айтылат Жогорку соттун басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

"Бардык жарандарды дайындалган иштердин графиги менен таанышуу үчүн үйдөн чыкпастан, соттордун канцелярийлерине телефон чалып билүүгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда дайындалган иштер туурасында төмөндөгү телефондор аркылуу билсе болот: 0 312 66-35-01 (жазык иштери боюнча), 0 312 66-34-29 (административдик жана экономикалык иштер боюнча) жана 0312 66-30-40 же болбосо 62-19-29 (жарандык иштер боюнча).

Пикир

Оставить комментарий