• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жарандар коронавируска ишенбей, медиктердин сунуштарын аткарбай жаткан учурлар болууда − Волкова

Аймак 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Жарандар коронавируска ишенбей, медиктердин сунуштарын аткарбай жаткан учурлар болууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова билдирди.

Анын айтымында, Чүй облусунда коронавирус менен ооругандардын санынын өсүшү сырттан жугузуп келген учурлардын көбөйүшү, чек аралардын ачылышы жана ички аба каттамдардын, автотранспорттук каттамдардын иштөөсү менен түшүндүрүүгө болот.

"Дагы бир маанилүү фактор калк арасында коронавирус тууралуу илдетке ишенбегендер болуп жатат жана алар медиктердин берген сунуштарын аткаруудан, беткап кийип жүрүүдөн, социалдык аралыкты сактоодон, жеке гигиена каражаттарын жана антисептик колдоонуудан баш тарткан учурлар болууда", - деп белгиледи Волкова.

Пикир

Оставить комментарий