• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Элкарт" карталарынын ээлери пенсия жана жөлөлпулдарын банкоматтардан комиссиясыз ала алышат – Акимбеков

Аймак 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. "Элкарт" карталарынын ээлери пенсия жана жөлөлпулдарын банкоматтардан комиссиясыз ала алышат. Улуттук банктын Жалал-Абад облусундагы филиалынын жетекчиси Хусейн Акимбеков билдирди.

"Бардык банктар иштеп жатат. Бүгүнкү күндө накталай акча толук жетиштүү. Эч кандай кооптонуунун кажети жок. Банкоматтар акча менен өз убагында толтурулуп жатат жана алардын үзгүлтүксүз иштөөсү көзөмөлдөнүүдө. Пенсия жана жөлөкпулдарды электрондук карточка менен алган кардарларга, пенсия жана жөлөкпул үчүн "Элкарт" картасы кайсы банктан ачылганына карабастан банктардан, пост-терминалдардан акчаларын алган учурда эч кандай комиссия алынбай турганын белгилеп кетем. Бюджеттик мекемелердин кызматкерлери айлык маяналарын мурдагыдай тартипте ала беришет. Кээ бир алыскы айылда турган жарандарга жакынкы банкоматтарга баруу кыйынчылык жаратса, аларга коммерциялык банктар тарабынан көчмө кассалар уюштурулат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий