• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жарандар президентке көбүнчө соттордун жана укук коргоо органдарынын иши боюнча арызданышат

Коом 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. 2016-жылы январь-декабрь айларында КР президентинин аппаратында жарандардын 11 миң 335 кайрылуусу менен иш алып барылган.

Мамлекет башчысынын сайтында маалымдалгандай, кайрылуулар электрондук, коомдук кабыл алуу жана ишеним телефондору аркылуу түшкөн. Мындан тышкары Ош шаарында коомдук кабыл алуу аркылуу дагы келген.

Жарандардын кайрылууларын тематикасы боюнча 9 багытка бөлүүгө болот:

  • Сот жана укук коргоо органдарынын иштери тууралуу – 2730 кайрылуу (32,2%);
  • Турак жай жана турак жай куруу үчүн жер бөлүү тууралуу – 1058 карылуу (12,5%);
  • Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият маселелери – 829 (9,8%);
  • Социалдык кызматтардын иштери, эмгек, айлык акы, пенсия, жөлөк пул, жеңилдиктер жана материалдык жарда көрсөтүү тууралуу – 692 (8,2%);
  • Мамлекеттик сыйлык тапшыруу боюнча маселе, жарандыкка кабыл алуу, кечирим кылуу – 361 (4,3%);
  • Насыяны төлөө жанвн анын мөөнөтүн узартуу, насы жана ссуда берүү (пайызсыз же төмөнкү баада) – 212 (2,5%);
  • Курулуш, архитектура, транспорт жана коммуникация маселелери 191 (“,№%);
  • Коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук маселелери – 166 (2,0%);
  • 2010-жылы апрель жана июнь окуяларында жабыркагандарга жардам берүү тууралуу – 94 (1,1%).

Жарандардын калган 2131 кайрылууларында социалдык-экономикалык жана башка маанилүү маселелерди камтыган.

Өткөн жылы кайрылуулар республиканын бардык аймагынан, андан тышкары КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет өлкөлөрдөн дагы түшкөн. Жалпысынан сайтка 2125 кайрылуу келген.

Анын ичинен:

  • Бишкек шаарынан – 959 (же 45,1%);
  • Чүй облусунан – 317 (14,9%);
  • Ош облусу жана Ош шаарынан – 196 (9,2%);
  • Ысык-Көл облусунан – 153 (7,2%);
  • Жалал-Абад облусунан – 103 (4,8%);
  • Баткен облусунан 67 (3,1%);
  • Талас облусунан – 43 (2,0%);
  • Нарын облусунан – 34 (1,6%);
  • КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет өлкөлөрдөн 253 (11,9%).

Пикир

Оставить комментарий