• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Жарандар президентке кантип кайрылууну билишпейт». Министрлер кабинетинин түшүндүрмөсү

Президент 0

Бишкек, 05.03.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин «жарандар өлкө президентине кантип кайрылууну билишпейт» деген билдирүүсү боюнча министрлер кабинети төмөндөгүлөрдү билдирет.

2021-жылы КР президентинин жана КР президентинин администрациясынын дарегине жарандардан 22 миң 546 кайрылуу келип түшкөн.

2022-жылдын 4-мартына карата КР президентине, КР президентинин администрациясына 3 миң 460 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде президенттин Коомдук кабылдамасы аркылуу жарандардан 1025 кайрылуу түшсө, ал эми электрондук түрдө 642 кайрылуу келип түшкөн.

Белгилей кетсек, электрондук кайрылуулар мамлекет башчынын www.president.kg расмий сайты (http://www.president.kg/ru/obrascheniya_grazhdan) аркылуу кабыл алынат. Жарандардын мамлекеттик органдарга электрондук кайрылуу порталы www.kattar.kg аркылуу ар бир жаран өзүнүн электрондук кайрылуусун тиешелүү түзүмдөргө жөнөтө алат.

Мамлекет башчынын жеке тапшырмасына ылайык, 2022-жылдын 27-январынан тартып «Биринчи радионун» эфиринде жума сайын (ар бейшемби күнү саат 08.30дан 09.30га чейин) «Биринчи кабылдама» берүүсү уктурулууда, анда жарандар Кыргыз Республикасынын Президентине онлайн режиминде кайрыла алышат.

КР президентинин администрациясында ошондой эле «Ишеним телефону»: (0312) 62-53-85 жана КР президентинин Коомдук кабылдамасынын телефону: (0312) 62-50-20 иштейт.

Мындан тышкары, КР министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчисинин, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарларынын жана Мамлекеттик катчынын, КР президентинин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жарандарды жеке кабыл алуу графиги бекитилген.

Бекитилген график боюнча күнүмдүк кезмет уюштурулган.

КР президентинин администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү жарандардын кайрылууларын кабыл алып, каттоого жана эсепке алат, аларды карап, кайрылуулардын өз мөөнөтүндө каралышын контролдойт, каттарды системалаштырат жана талдайт.

Ошол эле учурда жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмү президенттик администрациянын имаратынын жанына митинг, нааразычылык акцияларына чыккандар менен иш алып барууда.

Жыл башынан бери ар кандай мүнөздөгү 88 митинг жана пикеттер катталып, КР президентинин администрациясынын кызматкерлери алардын катышуучулары менен анда көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында жолугушкан.

Пикир

Оставить комментарий