• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жарандар QR-код аркылуу дарынын “өмүрүн” биле алат. Мобилдик тиркеме даярдалууда

Ден соолук 0

Бишкек, 03.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда QR-код аркылуу дары-дармектер жөнүндө маалымат алуу үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыгууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директору Айнура Абалиева билдирди.

Ал тиркеме учурда тестирлөөдөн өтүп жатканын айтып, жакында Google Play Store платформасында пайда болорун кошумчалады.

“Жакын арада мобилдик тиркеме жеткиликтүү болуп, жарандар дарылардагы QR-код аркылуу тиешелүү маалыматтарды ала алат. Алсак, анда дарынын мыйзамдуу ташып келингени, ким өндүргөнүн, сериялык номери, жарактуу мөөнөтү жана анын базардагы баасы жана башкалар тууралуу маалыматтар камтылат. Эгер дарылар мыйзам жолу менен ташылып келген болсо, анда ал тиркемеде жайгаштырылат. Тиркемеден кайсы бир дары тууралуу маалымат чыкпаса, өлкөгө мыйзамсыз ташылып келиши мүмкүндүгүнөн кабар берет. Бул учурда жарандар аталган дары сапатсыз же кооптуу экенин билип, аны сатып албай калат”, - дейт ал.

Абалиева система дарылардын сапатын көзөмөлдөөнү жакшыртууга, ошондой эле бейтаптардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жардам берерин кошумчалады.

“Дары-дармектердин таңгагында QR-коддун болушу талап кылынгандыктан, фармацевтикалык компаниялар аларды 2023-жылдын аягына чейин бардык продукцияга киргизиши керек”, - деди департаменттин директору.

Эскерте кетсек, эртең, 4-марттан баштап дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуучу көзөмөлдөө системасы ишке кирет.

Пикир

Оставить комментарий