• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жарандар өздөрүн шайлоочулар тизмесинен кандай жолдор менен биле алат? Каттоо кызматы жооп кайтарды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Бишкектеги маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактоосунун оңой жолдорун айтып берди.

Анын маалыматы боюнча, жарандар "119" кыска номерине аты-жөнүн жазып жиберип, ошондой эле аталган номер аркылуу чалып, шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн тактайт алат.

"Атайын түзүлгөн tizme.gov.kg сайты жана каттоо кызматынын тиркемесин көчүрүп, өзүн ал жактан да тактап алса болот", - дей ал.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо жана референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий