• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Садыр Жапаров коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки, никотин керектөө кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 29-июлунда кабыл алынган.

Документтин максаты – Кыргыз Республикасынын калкынын саламаттыгын тамекини колдонуунун кесепеттеринен коргоо, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) тамекиге каршы күрөшүү боюнча Рамкалык конвенциясын реализациялоо.

Мыйзам тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүн, никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын колдонууга көзөмөл орнотуу жана бардык тамеки каражаттарынын жарнамасына толук тыюу салуу аркылуу, тамекиге жана тамеки каражаттарынын бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү боюнча нормаларды жакшыртууга жана чараларды күчөтүүгө багытталат.

Пикир

Оставить комментарий