• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жарандардын элдик курултайларды өткөрүү укугу жөнүндө Конституциянын жобосун ишке ашыруу боюнча жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. 2019-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин буйругу менен түзүлгөн Жарандардын элдик курултайларды өткөрүү укугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жобосун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Каныбек Иманалиев жумушчу топтун катышуучуларына өзү демилгелеген «Курултайлар жөнүндө» мыйзам долбоорун сунуштады.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесине ылайык, жарандар республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды жана чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу. Жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниге ээ болгон маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу.

Мындан улам элдик курултайлар кыргыздардын тарыхый салты болуп саналарын белгилеп коюу зарыл.

Азыркы учурда өлкөдөгү элдик курултайларды түзүүнүн тартибин жана ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамдык акт жок.

Буга байланыштуу элдик курултайларды түзүүнүн жол-жобосун жана мекеменин ишмердүүлүгүн, ыйгарым укуктарын мыйзам менен аныктоо — Конституциянын 52-беренесинин 2-бөлүгүндө кароо сунушталууда.

Мыйзамдын долбоору менен элдик курултайлардын төмөнкү түрлөрүн бекитүү сунушталууда:

1) айылдык округ жана шаардын жергиликтүү жамаатынын элдик курултайы;

2) райондун, облустун, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү жамааттарынын элдик курултайы;

3) Кыргызстан элинин курултайы.

Элдик курултайдын чечимдери мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн консультация жана сунуш берүү мүнөзүнө ээ болот.

Муну менен биргеликте элдик курултайлардын чечимдери Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши жана Өкмөтү, ошондой эле жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялары тарабынан Конституция жана мыйзамдар бекиткен милдеттерине жараша ишке ашырыла алат.

Курултайдын делегаттарын шайлоодо туруктуу ротация принциби каралат, башкача айтканда ар бир курултайга жаңы делегаттарды шайлоо өткөрүлөт. Ал эми элдик курултайлардын делегаттарын шайлоо укугуна айылдык округ, район, шаар же облустун тиешелүү аймагында жашаган жарандар гана ээ болот.

Сунушталып жаткан «Элдик курултайлар жөнүндө» Мыйзамын кабыл алуу өлкөдөгү демократияны андан ары жакшыртуу процессин тереңдетүү жана кеңейтүүгө укуктук база түзөт, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо кепилдигин күчөтөт, жарандык коомду өнүктүрөт жана аларды жаңы сапатка чыгарат.

Жумушчу топтун ишине Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Президентинин Аппаратынын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер катышты.

Пикир

Оставить комментарий