• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жарандардын эсине! Катуу шамалда этият болуңуз – мэрия

Коом 0

Бишкек, 23.05.18 /Кабар/. Синоптиктердин маалыматына ылайык, 23-майда Бишкекте туруксуз аба ырайы күтүлүп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Буга байланыштуу Бишкек мэриясы кокустуктардан жана жеке мүлктүн бүлүнүүсүнөн сактануу үчүн автоунааларды дарактардын жана учуп кетүү коркунучу бар болгон обьекттердин жанына токтотпоону сунуштайт.

Мэрия Бишкек шаарынын Call-борборлоруна “185” жана “1840” номурлары аркылуу күнү-түнү кайрылууну, ошондой эле көйгөйлөр боюнча сүрөттөрдү 0554 -182-185 номерине жөнөтүүнү өтүнөт.

Борбордук муниципалитет шаардыктарды авариялык дарактар тууралуу WhatsApp тиркемеси аркылуу так дарегин көрсөтүү менен төмөнкү номерлерге билдирүүсүн суранат:

Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;

Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 33-66-40;

Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Пикир

Оставить комментарий