• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жарандардын кайрылуулары үчүн убактылуу өзгөртүү киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. КР өкмөтү тарабынан коронавирустук инфекциянын алдын алууну күчөтүү жана калк арасында санитардык-эпидемиологиялык дурус абалды камсыздоо максатында, КР премьер-министринин, министрликтердин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрициялардын, мэриялардын коомдук кабылдамаларында жарандарды кабыл алуу тартиби убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Жарандардын кабылдамаларга жеке өзү келүүсүн чектөөнү сунуштоо менен бирге, жарандарды кабыл алуу тартибин төмөнкүдөй жолдор менен уюштуруу приоритеттүү деп аныкталды.

-Реалдуу режимде видео-конференц байланышка чыгуу;

-электрондук түрдө www.kattar.kg порталы аркылуу кайрылуу;

-жазуу жүзүндөгү кайрылуу;

-ишеним телефонуна жана коомдук кабылдамаларына телефон чалуу.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун тургундары коронавируска байланыштуу абал турукташканга чейин ыйгарым укуктуу өкүлгө кайрылууңуздарды 03622 5-07-82 ишеним телефону аркылуу билдирсеңиздер болот. Ошондой эле batkenpolpred@mail.ru электрондук дарегине кайрылуу каттарыңыздарды жөнөтсөңүздөр болот.

Пикир

Оставить комментарий