• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек мэриясы: Жарандардын коопсуздугу үчүн Юнусалиев көчөсүндөгү чириген бактар алынды

Коом 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургундары жана меймандарынын коопсуздугу үчүн “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы Юнусалиев көчөсүнүн боюнда чириген бак-дарактарга санитардык бутоо иштерин өткөрүштү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындан мурда Сухэ-Батор көчөсүнөн баштап Анкара көчөсүнө чейин комиссиялык сурамжылоо өткөрүлүп, анын негизинде бир топ бактардын тамырлары жана сөңгөгү чирип башталганы аныкталган. Ушундан улам бактарды санитардык түрдө бутоо боюнча акттар түзүлүп, Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек шаарындагы башкармалыгында бекитилген.

Бутоо иштери катуу шамал же кар жааган мезгилде бактын кулашын алдын алуу максатында өткөрүлгөн.

Эскерте кетсек, мындан бир нече убакыт мурун Юнусалиев көчөсүндөгү “Элстом” клиникасынын алдында куурап калган терек автоунаанын үстүнө кулаган.

Теректердин шаар аянтындагы орточо өсүү убактысы 40-45 жылды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий