• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жарандардын президентке кайрылуусу эки эсе өстү. Жапаров жергиликтүү бийликти сынга алды

Президент 0

Бишкек, 21.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмеси өтүүдө.

Республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров кайрылуу жасады.

“Ар кыл тармактардагы сунушталып жаткан реформалардын жыйынтыктары карапайым калкка толугу менен жетпей жатат. Калкыбыздын көптөгөн көйгөйлөрү тийиштүү деңгээлде чечилбей келет. Бир эле фактыга токтолуп кетейин, өткөн жылга салыштырмалуу быйылкы жылы жарандардын кайрылуусу эки эсеге көбөйдү. Президенттин администрациясына былтыркы жылдын 10 айында 5 миң 8 кайрылуу келип түшкөн болсо, 2021-жылдын тогуз айында эле 10 миң 500дөн ашык кайрылуу келди. Мындай көрүнүш жер-жерлердеги маселелердин өз убагында чечилбей, жергиликтүү бийлик жарандардын көйгөйлөрүнө көңүл кош мамиле жасагандыгынын натыйжасы”, - дейт Жапаров.

Өлкө башчысы жергиликтүү бийликтин мындай мамилелерин токтотуш керектигин баса белгиледи.

“Талдап көргөнүбүздө, жалпы бардык тармак боюнча бүгүнкү акыбалыбыздын бирден-бир себеби мамлекеттик башкаруунун начардыгы болуп келген. Борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы ажырым дагы деле сакталып келүүдө”, - дейт президент.

Жапаров кошумчалагандай, мамлекеттик башкаруу системасын бүгүнкү күндүн талабына ылайык реформалоого кадам ташталды.

Белгилей кетсек, Республикалык кеңешменин ишине президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, мамлекет башчысынын региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

Аталган иш-чара 25-октябрда белгиленчү Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү коомчулуктар күнүнүн алкагында өтүүдө.

Жыйында региондорду жана жалпы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сапатын жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий