• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жарандардын өткөрмө кагаздарын алууга кайрылууларын ыкчам кароо үчүн атайын топ түзүлдү – Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Жарандардын өткөрмө кагаздарын алууга кайрылууларын ыкчам кароо үчүн атайын топ түзүлдү. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Азизбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, комендатуранын буйругу менен атайын топ түзүлдү. Ага министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү кирет.

«Жооптуу болуп борбор калаанын төрт районунун акими дайындалды, алар аймактагы бардык объектилер боюнча актуалдуу маалыматтарга ээ болушат. Мисалы, Мамэкотехинспекциянын өкүлү курулуш объекттери боюнча билдирмелерди текшерет, өнөр жай чөйрөсү боюнча ӨЭЖП мамлекеттик комитети карайт, патенттер боюнча салык кызматкерлери ж.б. Эгерде ишмердүүлүк ыйгарым укуктуу орган тарабынан тастыкталса, анда арыздар жактырылат», - деп кошумчалады Бишкек шаарынын вице-мэри.

Пикир

Оставить комментарий