• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жарандарга наркотик таштап, опузалап акча талап кылган милиционер кармалды

Коом 0

Бишкек, 16.02.19 /Кабар/. Жөнөкөй жарандарга наркотик таштоо жолу менен опузалап акча талап кылган милиционер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

31-жаштагы Бишкек шаардык милициясынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча кызматкери жана анын эки шериги 600 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Маалыматка ылайык, УКМКга А.А. атту жаран кайрылып, жардам сураган. Анын айтымында, белгисиз адамдар "ишиңди жаап берем" деп 1000 доллар талап кылып жатышканын айтып кайрылган.

Кармалган милиционер кылмыш топ түзүп, жарандарга наркотикалык заттарды таштоо жолу менен опузалап акча талап кылуу боюнча туруктуу система түзүп алган.

Кылмышка шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Пикир

Оставить комментарий