• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жарандарга социалдык кепилдик жана компенсация төлөөгө дээрлик 1 млрд. сом бөлүнгөн – Кочкоров

Коом 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Жарандарга социалдык кепилдик жана компенсация төлөөгө 1 млрд. сом бөлүнгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улугбек Кочкоров билдирди.

Министр кабарлагандай, социалдык кепилдик жана компенсация төлөп берүүнүн алкагында жарандардын 25 категориясына кайсыл аймакта жашабасын жеңилдетүүлөрдүн ордуна акча төлөнүп берилет. Ал 1 миңден 7 миң сомго чейинки каражат.

“Бүгүнкү күндө мындай жарандардын саны 43 миң 700 адамды түзөт. Бул үчүн республикалык бюджеттен 979 млн. сом бөлүнгөн”, - дейт Кочкоров.

Пикир

Оставить комментарий