• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жарандарыбыз башка бирөөгө ишенбей, жол коопсуздугун сактап, өз өмүрүнүн коопсуздугу үчүн кам көрүшү керек - Субанбеков

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.12.17 /Кабар/. Акыркы мезгилде жол кырсыгы көбөйүп кетти. Адамдардын өлүмү арбыды. Көбүнчө жаштар өлүүдө. Мамлекет жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кыла албай жатат, ошондуктан жарандарыбыз өздөрү коопсуздугун камсыздоо аракетин көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Бакирдин Субанбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Мен элге кайрылгым келет: адамдын өмүрүнөн кымбат нерсе жок. Айрыкча жаштардын өлүп жатканы өтө өкүнүчтүү. Жылына 9 миӊден ашууну адам жараат алып, майыр болуп калууда. Ата-энелери боздоп, жары жесир, бала-бакырасы жетим калууда. «Кудай сактанганды сактайт» дейт, анысы кандай, жарандарыбыз башка бирөөгө ишенбей, жол коопсуздугун сактап, эреже бузбай, өз өмүрүнүн коопсуздугу үчүн кам көрүшү керек», - дейт депутат.

Пикир

Оставить комментарий