• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жарандык абалдын актыларын каттоо кызматтарынын жана берилүүчү күбөлүктөрдүн наркы

Коом 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу жана ачык-айкындуулукту жогорулатуу үчүн министрликке караштуу бөлүнүштөр тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын расмий баалары жөнүндө маалымдайт.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 200дөн ашык кызматтар бар.

Жарандык абалдын актыларын каттоодогу күбөлүктөрдүн бланктарынын баасы (банктык кызматтарды кошкондо):

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк – 54 сом;

- өлгөндүгү тууралуу күбөлүк – 13 сом;

- никелешүү тууралуу күбөлүк – 57 сом;

- никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк – 20 сом;

- фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк – 13 сом;

- күбөлүктү кайталап алуу – 110 сом;

Жарандык абалдын актыларын каттоодо жарандар күбөлүктөрдүн бланктары үчүн гана акча каражатын төлөшөт, ал эми жарандык абалдын актыларын каттоо акысыз жүргүзүлөт. Ошондой эле жакында эле жаңы төрөлгөн баланын туулгандыгын каттоодо, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү салтанаттуу түрдө тапшыруу боюнча кызмат кайра жандандырылды. Салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи акысыз.

Арыз берүүчүнүн каалосу боюнча никени салтанаттуу түрдө каттоонун наркы (банктык кызматтарын кошкондо):

- Бишкек шаарынын Бакыт өргөөсүндө – 1797 сом;

- Ош шаарынын үйлөнүү үлпөт үйүндө – 822 сом;

- Бишкек жана Ош шаарларында ЖААК бөлүмдөрүнүн имаратынан тышкары – 4038 сом;

- республиканын райондук ЖААК бөлүмдөрүндө – 358 сом, имаратынан тышкары – 826 сом.

ЖААКтын шашылыш кызматтарынын наркы (банктык кызматтарды кошкондо):

- шашылыш түрдө жарандык абалдын актыларынын жазууларына оңдоолорду, толуктоолорду киргизүү – 600 сом;

- аты жөнүн өзгөртүүнү тез арада каттоо – 600 сом;

- жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматты шашылыш ырастоо – 170 сом.

КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги эскертет - кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы банктардын кассаларында гана жүргүзүлөт!

Пикир

Оставить комментарий