• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жарандык интеграцияны өнүктүрүүгө багытталган ынтымак кубогу өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 07.05.18 /Кабар/. Бүгүн, 7-майда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун «2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы» - деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгынын алкагында Кыргыз жараны - жарандык интеграцияны өнүктүрүү, элдин ынтымагын бекемдөөгө багытталган ынтымак кубогу өткөрүлдү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага айыл аймактагы 14 улуттардын өкүлдөрүнөн командалар түзүлүп, кичи футбол мелдеши уюштурулуп, жалпы 6 команда катышты.

Мелдештин жеӊүүчүлөрү кубок, медаль жана диплом белектер менен сыйланышты.

Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргызстан элинин Ассамблеясы, Улуттук кызыл ай коому.

Пикир

Оставить комментарий