• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жарандык кийимчен кайгуул кызматкери айдоочунун аппаратын тартып алган окуя иликтенүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 2-август /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкек шаарындагы Башкы патрулдук милиция башкармалыгынын өздүк коопсуздук кызматы жарандык кийимчен кызматкер унааны токтотуп, айдоочунун аппаратын тартып алган окуяны иликтөөнү баштады.

Аталган мекеменин басма сөз кызматынан “Кабар” маалымат агенттигине билдиришкендей, кызматтык иликтөө жарандык кийим кийген адам кандайча патрулдук милициянын унаасында болуп калганы иликтенүүдү.

“Формасы жок, унааны токтоткон жарандын өздүгү аныктала элек. Ошондой эле, ал чындыгында эле патрулдук милициянын кызматкери экени дагы белгисиз”,-деп билдирди патрулдук милиция кызматкеринин басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда патрулдук милициянын унаасынын арткы отургучунда формасы жок жаран отурган. Окуяга күбө болгон Назим Кайырбекованын билдиришинче жарандык киймчен патрулдук кызматкер ал бараткан унааны токтоткон.

“Ал документин көрсөтүүдөн баш тартты. Биздин документтерди алып, кайтарып берүүнү ойлогон жок. Формасы жана күбөлүгүң каякта деген суроого, камераны көргөн соң тоскоолдук жаратып, ал патрулдук милицияда иштебей турганын айтып, телефонду күч менен тартып алган. Бир суроо: мындай орой мамиле жана башаламандык качан токтойт?”-деп бөлүшкөн ал кыз.

Пикир

Оставить комментарий