• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жарандык коомдун президент менен жолугушуусу – биргелешкен иштин башталышы гана – Аляева

Коом 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуудан кийин көптөр жакшы эмоцияда калышты. Көп суроолорго президент тарабынан так, даана жооптор берилгендиктен жолугушуу позитивдүү маанайда өттү. Бул тууралуу “Жардам берүү оңой” коомдук фондунун директору Динара Аляева билдирди.

“Коомчулукта жарандык коомдун оюн угушпайт, байланыш тоскоолдук пайда болду деген нааразычылыктар пайда болгон. Андыктан президент менен болгон жолугушуунун баалуу экендиги талашсыз. Шектенүүлөр, кооптонуулар жок болду, жаңы энергия, жарандык коом менен бийликтин биргелешип иштеши боюнча пландар пайда болду”, - деди Аляева.

Динара Аляева келечекте мындай жолугушуулар тар чөйрөлөрдө өтүп, белгилүү бир темадагы маселелер талкууланарын белгиледи.

Эске салсак, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушту.

КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, мамлекет башчысы менен жолугушууга 40 өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана коомдук активисттер чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий