• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары окутуудан өтүштү

Коом 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 11-13-апрелиинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Жарандык коргонуу кызматтарынын башчыларын өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүү жана аткарылуучу иш-чаралар боюнча Бишкек жана Ош шаарларында атайын окутуулар өткөрүлүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалымдагандай, окутуунун жүрүшүндө “Жарандык коргонуу” деген эмне, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, өзгөчө кырдаалдар учурунда Жарандык коргонуу кызматынын түздөн-түз аракеттери боюнча түшүнүктөр берилди.

Окуулар КР ӨКМдин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун ага-окуутучулары тарабынан жүргүзүлдү.

Басма сөз кызматы билдиргендей, окууга жалпысынан 85 Жарандык коргонуунун өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий