• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жарандык коргонуу органдарынын штабдык машыгуусу башталды

Коом 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Жарандык коргонуунун быйылкы жылга даярдык планынын негизинде 25-26-март күндөрү штабдык машыгуу өтө баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, машыгуунун темасы "Өзгөчө кырдаал коркунучунда жана келип чыккан шартта Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн аракети (табигый мүнөздөгү)” деп аталып, ал бир этаптан турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, республиканын аймагында катталган өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыркаган райондордо катталган кырсыктын кесепеттерин жоюу, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү болуп эсептелет.

Ошондой эле республиканын башка аймактарына да чоң эмес ар кандай өзгөчө кырдаалдар болгондугу тууралуу маалымдамалар берилип, тиешелүү тапшырмалар коюлат.

Мындай машыгуу жергиликтүү бийликтин, тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун, эл аралык уюмдардын өзгөчө кырдаалдарда жабыр тарткан тургундарга ар тараптуу камсыздоо иш-чараларын аткаруудагы өз милдеттерин билүүгө, алдыга коюлган тапшырмаларын туура аткарууга жана өз ара аракеттенүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий