• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын ЖК тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө Жобо бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө Жобо бекитилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоону жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Жарандык коргонуу чөйрөсүндө окутуу катышып жана тыштан (аралыктан) окуу түрүндө уюштурулат.

Окутуу милдеттүү түрдө жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору (мындан ары – Борбор) тарабынан жүргүзүлөт.

Калктын ар түрдүү топторун кеңири камтуу максатында окутуу калктуу аймактарда жана уюмдарда Борбордун окутуучуларынын көчмө окуулары аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн.

Уюмдардын жетекчилеринин, кызмат адамдарынын жана Жарандык коргонуу тармагындагы адистердин, ошондой эле жалпы жана кесиптик билим берүү мекемелеринин «Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери» окуу курсунун жана «Турмуш-тиричилик коопсуздугу» окуу дисциплинасынын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу жылына бир жолу жүргүзүлөт.

Жарандык коргонуу түзүмүнө байланыштуу кызмат орундарына алгачкы ирет дайындалган адамдар үчүн Жарандык коргонуу тармагында окутуудан өтүү иштеп баштаган жылы милдеттүү болуп саналат.

Калкты Жарандык коргонуу тармагында окутуу Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген программа боюнча ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий