• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жарандын абактагы тууганын бошотуп берем деп 5 миң доллар алган шектүү кармалды — ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Бишкекте жарандын абактагы тууганын бошотуп берем деп 5 миң доллар каражатын ээлеп алган шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын май айында Октябрь райондук милициясынын тергөө кызматына жаран кайрылган. Анда 2020-жылдын ноябрь айында тааныш болгон эркек киши анын түрмөдө жазасын өтөп жаткан жакын тууганын бошотуп, амнистияга чыгарып берем деген шылтоо менен 5 миң доллар өлчөмүндөгү каражатты ээлеп алган. Акчаны алгандан кийин изин жашырып кеткен.

Аталган факт Жазык кодексинин 204-беренесинин негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.

Иликтөө жана текшерүү иштеринин жүрүшүндө кылмыш ишине тиешеси бар делип ИИМдин ыкчам каттоосунда кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турган Нарын облусунун 48 жаштагы М.А. тургуну кармалган.

Криминалдык милиция кызматынын маалыматына ылайык, шектүү жаран буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилине тартылган. Анын ичинде адам уурдоо, мыйзамсыз эркинен ажыратуу, опузалап талап кылуу, курал-жарак сактоо иштери бар.

Аталган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар болбогондугу текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий