• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жарасул Абдураимов Кара-Сууга заманбап муз аянтчасын курууну сунуштады

Аймак 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Кара-Суу шаарына заманбап муз аянтчасын курууну сунуштады.

Кара-Суу районунун акимчилиги өкмөт өкүлүнө шаардык стадионду реконструкциялоо үчүн каражат табуу үчүн колдоо сурап кат менен кайрылган.

Жолугушууда өкүл Абдураимов муну бир гана стадион эмес, спорттук дүкөндөр, түрдүү кружоктор, фитнес клубдар менен комплекс курулушу керек экендигин белгилеп, ага кошумча заманбап жасалма муз аянтчасын ачууну, ал үчүн даяр долбоорду сунуштады.

2014-жылы "Газпром" ишканасы тарабынан стадиондун аймагына заманбап спорттук мекеме курулган. Учурда ал жерде жаш футболчулар тарбияланууда.

Пикир

Оставить комментарий