• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу маселелерин ыкчам чечүү керек – Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 19.06.18. /Кабар/. Азыркы түзүлгөн жагдайда болуп өткөн жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу маселелерин ыкчам чечүү керек. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Лейлек районунда сел каптаган турак үйлөрдүн абалы менен таанышып, жапа чеккендер менен жолугуп жатып билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев калыбына келтирүү иштерин ыкчам тартипте аяктап, калктуу жерлерди өзгөчө кырдаалдардан сактоо жана алдын алуу чараларын көрүүнү милдеттендирди.

“Суунун деңгээли көтөрүлүү коркунучу бар райондордо туруктуу негизде мониторинг жасоо керек. Тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жээктерди бекемдөө иштерине дыкат көңүл буруулары шарт. Азыркы түзүлгөн жагдайда болуп өткөн жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу маселелерин ыкчам чечүү керек”,- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий