• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаратылыш кырсыктары боюнча штабдык окуулар өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. 29-30-мартта КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы өкүлүнүн жетекчилиги алдында Чүй облусунун Жарандык коргоо башкармалыктарынын органдары менен окуулар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, республиканын аймагындагы кооптуу жаратылыш кубулуштарынын активдешүү жагдайларына байланыштуу штабдык окуулар сел, суу ташкындары, кыртыштык суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү болгондо аткарылуучу чараларды, кырсыктык-куткаруу жана башка ыкчам иштерди ар тараптуу камсыздоону уюштуруу маселелерин иштеп чыгууга багытталган.

Окуулар аяктаган соң 30-мартта, иш-чарага катышкан башкаруу органдарынын аракеттерине баа берилген болжолдуу жыйынтыктар чыгарылат.

Штабдык окуулар Жарандык коргоонун жетекчилик жана командачылык курамын даярдоонун элементтеринин бири болуп саналат. Анын максаты өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу милдеттерин аткарууда башкаруу органдарынын ишинде уюшкандыкка жетишүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий