• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү матрицасы иштелип чыкты – ЭСӨМ башчысы

Аймак 0

Бишкек, 11-май /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова Чоң-Алай районунун Дароот Коргон, Карамык, Каратейит, Жекенди, Шибе айылдарына, Өзгөн районунун Аюу айылына барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык болгон жерлерде министр учурда чатырларда жашап жаткан жабыр тарткандар менен таанышты. Ошондой эле, ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, карыларды, жашоо шарты оор үй-бүлөлөрдү кыдырды.

Андан соң, ведомство башчысы Өзгөн районунун жер көчкү болгон Аюу айылына барды. Мында Ош облусунун бардык райондорунун жана Жалал-Абад, Кызыл-Кыя шаарларынын социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын жетекчилери менен жыйын өткөрүлдү.

Жолугушууда Таалайгүл Исакунова КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жооп кайтаруу Матрицасы иштелип чыккандыгын белгиледи. Ведомство башчысы оор шарттарда калган жарандар менен иштөө боюнча так көрсөтмөлөрдү берди.

Пикир

Оставить комментарий