• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаратылыш министрлиги Сары-Челек коругун жакшыртуу тууралуу пландары менен бөлүштү

Коом 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Жаратылыш министрлиги Сары-Челек коругун жакшыртуу тууралуу пландары менен бөлүштү.

“Учурда Аркыт айылынын жашоочуларынын уставы жана абалды жакшыртуу боюнча иш-чаралар планы иштелип чыкты, малдын башын кыскартуу, жаратылышка аяр мамиле кылуу маселеси коюлду. Ошондой эле корук жөнүндө жобону кайра карап чыгуу, автоматташтырылган тосмолорду орнотуу жана коруктун абалын жакшыртуу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт”, - деп билдиришти министрликтен.

Белгиленгендей, бардык кызыкдар тараптардын пикирлерин иликтөө боюнча социалдык изилдөө жүргүзүү пландаштырылууда.

Мындан тышкары, райондук деңгээлде комиссия түзүлүп, азыркы учурда корукта жашаган калктын санын тактоо жана жашаган жерлеринде укуктук документтерди иштеп чыгуу боюнча иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий