• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаратылыш министрлигинин кызмат адамдары коррупцияга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (мурдагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги) башчысынын мурдагы орун басары жана башкармалык башчысы кармалды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин коррупция беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2018-2019-жылдары Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (азыр Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги) кызмат адамдары КР мыйзамдарынын талаптарын бузуп, калдыктардын коркунуч классынын категорияларын аныктоочу реагенттер боюнча тастыктоочу документтери жана маалыматтары жок болгон субъекттердин өкүлдөрү менен кылмыштуу макулдашууга барышкандыгы аныкталган. Алар калдыктардын коркунуч классынын эң төмөнкү категориясын мыйзамсыз белгилешип, булгануу акысынын наркын төмөндөтүшкөн. Мындан сырткары, алтын казуучу айрым ишканалардын талапка туура келбеген нормативдик-техникалык документтерин бекитип берген.

Натыйжада мамлекетке 100 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

6-октябрда аталган кылмышка шектүү катары министрликтин мамлекеттик экологиялык экспертиза башкармалыгынын башчысы С.Б.С. жана курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун мурдагы орун басары Р.А.А. кармалып, Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аларга карата камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып алынды.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий