• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 12-октябрдагы № 425 «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын түзүмү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынган.

Мындан улам жана «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди.

Буга катар төмөнкүлөрдү кайра атоо чечими кабыл алынды:

1) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик коруктар, жаратылыш парктары жана заказниктер Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Мамлекеттик коруктар, жаратылыш парктары жана заказниктер болуп;

2) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын дирекциясы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын дирекциясы болуп;

3) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фонду болуп;

4) «Озон борбору» мекемеси Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Озон борбору» мекемеси болуп аталды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Экологиялык изилдөөлөр, консалтинг жана аудит борбору» мекемеси түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий