• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаратылышты коргоого мамлекет менен ишканалар тарабынан канча каражат бөлүнөт?

Коом 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. 2018-жылы Кыргызстанда жаратылышты коргоого мамлекеттик бюджеттен 962 млн 400 миң сом жумшалган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө башкармалыгынын башчысы Назира Керималиева билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылы айлана-чөйрөнү коргоого 665 млн 900 миң сом, 2015-жылы – 810 млн 100 миң, 2016-жылы – 934 млн 500 миң, 2017-жылы 921 млн 500 миң сом сарпталган.

Ал белгилегендей, 2018-жылы ишкана менен уюмдардын жаратылышты коргоого кетирген чыгымы артып, 2 млрд 40 млн 800 миң сомду түзгөн. 2017-жылы ал чыгымдар – 1 млрд 857 млн 200 миң, 2016-жылы 862 млн 300 миң, 2015-жылы – 951 млн сом жана 2014-жылы 818 млн 400 миң сом болгон.

Пикир

Оставить комментарий