• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жардам керек: 19 жаштагы Зуура кымбат операцияга муктаж

Коом 0

Бишкек, 20-июль /Кабар/. Кыргызстандык студент 19 жаштагы Зуура Алдабекова боордун циррозунан жабыркайт. Ага Түркиядан кымбат операция жасоо талап кылынат. Түрк тарап кыргызстандык үчүн квота бөлүп, операциянын баасынын көп бөлүгүн көтөрүүгө макул болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине теле алып баруучу Ассоль Молдокматова билдирди.

Анын айтымында, операция 65 миң доллар турат. Бирок Зууранын үй-бүлөсүнүн барып келгенге акчасы жок. Кеминде 8 миң доллар талап кылынат.

“Зууранын апасы – Алдабек кызы Гулапия аргасыздан анын эгиз кыздарынын бирин сактап калууга жардам сурап, өтүнүч менен мага келди. Гулапия 30 жылдан бери “Сейтекте” көркөм жетекчи болуп иштейт. Жакында эле өзү да инсульт алып, бир нече операция жасаткан. Жардам берер эч кимиси жок. Мурдагы күйөөсүнүн башка үй-бүлөсү бар, балдарына жардам бербейт дейт”, -деп айтып берди Молдокматова.

Бул үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар 0(708) 88-22-68 “ЭЛСОМ” мобилдик капчыгына колунан келген жардамын которсо болот.

“Өлкө коомчулугун кыздын өмүрүн сактап калууга катышууга чакырам. Чыгармачыл адамдарга ким кам көрөт? Алардын кызыкчылыктарын ким коргойт? Ушунча жыл өмүрүн искусствого берген Гулапия бүгүн тагдырдын сыноосунда жалгыз калганы өкүнүчтүү. Боорукер адамдар жок эмес. Биз канча ирет бирге адамдарды куткарып калдык. Жардам берүүңүздөрдү суранам”, - деп кайрылат жарандарга Молдокматова.

Пикир

Оставить комментарий