• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Жардам штабы» муктаж үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыз кылуу ишин улантууда

Өкмөт 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. «Жардам штабы» бүгүнкү күндө 187 миң 922 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөттү. Мындай маалыматты вице-премьер-министр Аида Исмаилова штабка барган учурда билдирди.

«Жардам штабынын» мүчөлөрү вице-премьер-министрге берилип жаткан жардамдардын жол-жобосу, арыздарды кабыл алуу шарттары тууралуу маалымат беришти.

«Жардам штабы» 1227.tunduk.kg электрондук системасы, «1227» түз байланышы, «Народный штаб — Биз барбыз» Telegram-каналы, «Жардам берем» мобилдик тиркемеси, Facebook'тагы «Жардам штабы» социалдык баракчасы аркылуу жарандардын кайрылууларын кабыл алууда.

Аида Исмаилова калктын аярлуу катмарына жардамдарды даректүү жеткирүүдө штабдын ишинин натыйжалуулугуна токтолду.

«Өкмөттүн өлкө аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү боюнча масштабдуу ишинде «Жардам штабынын» орду чоң. Мындай оор күндөрдө кайрымдуулук иретинде келип түшкөн жардамдарды чыныгы муктаждарга таратуу зарыл», - деди вице-премьер-министр.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебине көмөк көрсөтүүнү каалаган мамлекеттик мекемелерден, жеке компаниялардан жана кайдыгер эмес жарандардан жалпысынан 13 млн 534 миң 796 сом келип түштү. Анын 12 миллион 379 миң 996 сомуна калктын аярлуу катмарына азык-түлүк иретинде жардам берилди.

Белгилей кетсек, «Жардам штабына» жашоо шарты дурус жарандар дагы кайрылган учурлар болгон. Ошондуктан штаб жергиликтүү бийлик менен биргеликте кайрылгандардын социалдык абалын аныктоодо.

Пикир

Оставить комментарий