• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жардамдан баш тартып, аны башка муктаж болгон адамдарга бергиле деген жарандар бар – Түлөбаев

Коом 0


Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Жардамдан баш тартып, аны башка муктаж болгон адамдарга бергиле деген жарандар бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, өкмөт Бишкек шаары үчүн 6 миң кап ун берген.

"Ошол 6 миң кап ундан 300-400 кабы артка кайтарылды. Биз өкмөттөн жана мэриядан бөлүнгөн жардамды социалдык каттоодо турган жарандарга беришибиз керек. Анын ичинде афганчылар, чернобылчылар, 7-апрелчилер, майыптар, муктаж жарандар бар. Афганчылар, чернобылчылар, 7-апрелчилердин арасында жакшы жашагандары бар да, алар "биз албай эле коелу, муктаж адамдарга бергиле" деп жатышат. Бирок мыйзам боюнча биз аларга беришибиз керек. Кайтарылып келген 400 кап ун тизме боюнча кийинки орунда турган муктаж жарандарга берилди", - деди ал.

Аны менен бирге ал, жардам келет бекен деп текшерип кайрылгандар, жардам алып, аны дүкөнгө өткөрүп арак ичкен жарандар да бар экенин айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий