• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жардамдарды туура эмес бөлүштүрүү фактысы боюнча айыл өкмөттөрүнө кылмыш иши ачылган учурлар бар – Түлөбаев

Коом 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Жардамдарды туура эмес бөлүштүрүү фактысы боюнча айыл өкмөттөрүнө кылмыш иши ачылган учурлар бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Маалымат жыйында Түлөбаев аз камсыз үй-бүлөлөргө көрсөтүлгөн жардам тууралуу айтып берип, кээде жардамдар туура эмес бөлүштүрүлгөн учурлар болуп жатканын билдирди.

"Кээ бир жерлерде жардам туура эмес таратылып калган учурлар бар. Бирок ал өтө көп эмес. Алар боюнча укук коргоо органдары тарабынан кээ бир мала башчы (квартальный), айыл өкмөттөрүнө кылмыш иши ачылган учурлар бар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий