• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жармастан: Айболит Умаканов колбаса цехтерин кайтармай болду

Жармастан 0

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Жармастандын 95 пайызын тоо түзөт. Ага жараша төрт түлүктүн мекени. Бирок Кой,уй,төө, бээ министрлигинин айтымында Жармастан өзүн өзү эт менен камсыздай албайт экен. Жармастандыктар баарын түшүнгөн сергек журт. Анткени менен казы,чучук, карта, жая илинген бакандай болгон бул бакыйган министрликтин жайын түшүнө албай баштары маң. Көпчүлүгү “бу биздин жер майышкан малдын эти каякка кетип жатат?” деген суроону коюуда. Анан калса эгемендиктен бери Кой,уй,төө,бээ министрлиги эт азыктарын кайра иштетип чыгуу тармагын эптей албай койду. Башка мамлекеттер эттин айтпайлы малдын туяк-мүйүзү, терисинен бери кайра иштетип пайда таап жатса, биздикилер кайра иштетип убара болгончо, коңшу Жутайга кармата бергенди жакшы көрөт.

Буга Сайказан жармачылары кабатыр. Бүгүн Жармастандын мал дарылагыч Айболиттер башчысы Алысбек Умакановду чакырып алышып, эмне үчүн арам өлгөн малдын этин колбасага өткөрүп жаткандарды кармабайсыңар деп муунтуп кое жаздашты. Айболитке деле жан керек окшойт, Умаканов “мындан ары күн сайын колбаса жасоочу цехтердин босогосунда турам, андай этти өткөрсөм элеби...” деп жатып араң кутулду. Жармачы Акирдин Убанбеков эл Жаңы жылды тоссо, сен колбаса жасоочу цехтердин оозун тососуң, эшектин этин өткөрчү болсоң!!!”...Айболит Умаканов ныпым өткөрбөйм деди...Ошентип Айболит башчы жаңы жыл тоспой, колбаса цехтеринин оозун тосмой болду...Убал болду бечарага.

Пикир

Оставить комментарий