• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жармастан: Ак илбирс Жутайга качмай болду...

Жармастан 0

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Жармастанда 23-октябрь ак илбирс күнү болуп эсептелет. Бирок, Жармастандын Сайказан жармачылары ак илбирс бечарага сый көрсөтүшкөндүн ордуна “Аркар-кулжаны, эчки-текени атууга 10 жылга мароторий жарыялоо” мыйзамын өткөрбөй коюшту. Ошону менен алдындагы азыгын тартып алышып, “таш жесең деле боло берет, аска-зоону, ак мөңгүнү кемирсең деле жашайсың, аркар-кулжаны жалгыз эле сен жейсиңби, биз деле жейли” дегендей мамиле жасашты.

Буга Жармастандын карапайым жарандары нааразы. Анткени, Жармастандын шылуундары мүйүзү түндүктөй болгон кулжаларды, аска-зоонун көркү болгон калжайган текелерди чет элдиктерге аттырып пайда тапканды жакшы көрүшөт. Ага ыраазы болгон чет элдик аңчылар кулжа-текелерди кулата атканын видеого тартып, интернетке чыгарып Жармастандыктардын ичин күйгүзүп турмайлары бар.

Ал эми Жармастандын Сайказанчылары “Ак илбирсти коргойлу” деген сөздү жакшы көрүшөт. Бул сөздү ооздорунан көбүк чыкканча айтышып, керек болсо чуркоо боюнча марафон уюштуруп жиберишип, аркардай атырылып, эликтей түйүлүшүп дайыма алдыда келишет.

Муну асканын башынан көрүп турган ак илбирс кубанганынан көзүнө жаш алып жиберчү. Өзү деле Жармастанда болгону 350-400дөй илбирс калган. Эми алар Сайказан жармачыларынын мындай мамилесинен кийин чогулуп сүйлөшүп алышып Жутайдын тоолоруна өтүп кеткени жатышыптыр. Ал жакта аркар-кулжа койдой жайылып, эриккенде жутайлардын айылына түшүп келип аштоого салып койгон туздарынан жалап, анан рахматын айтышып кайра тоосуна чыгып кетишет экен.

Ак илбирс жөн кетпей аркар-кулжалардын, эчки-текелердин эптеп тоо башында бирин-серин калгандарын чогултуп, айдап кетем деп жатыптыр.

Ошону менен Жармастан ак илбирс түгүл аркар-кулжалардан айрылып калчудай болуп турат.

Пикир

Оставить комментарий